Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Касым-Жомарт Токаев: жөлөк пул алгандар көбөйдү


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 2-сентябрда парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында элге кайрылды. Анда соңку беш жыл ичинде мамлекеттен социалдык жардам алгандардын саны 77 миң адамдан 1,5 миллионддон ашык болуп көбөйгөнүн белгиледи. Өлкөдө «жалкоо, мамлекеттен акча алыш үчүн тапкан-ташыганын жашыргандар» арбып баратканын билдирди:

- 2017-жылдан бери мамлекеттик бюджеттен социалдык колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү 17 эсе көбөйдү. Башкача айтканда, иштегиси келбеген, же андан да жаманы - өкмөттөн соцжардам алыш үчүн киришесин жашырган адамдар барган сайын көбөйүп жатат.

Өткөн айда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бийликтеги «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жаткан жарандарды сынга алып, жемелеген болчу:

- «Менин балам көп, айлыгым аз, мага бер» деген ураандарды көтөрүп жүрүшөт. Сен эмнени ойлодуң? Бул сенин маселең да?! Сен буга чейин мамлекет менен кеңештиң беле? Жумушуң жок болсо чакан насыя ал, эки уй сатып алып өзүңдү бак. Сүтүн сатып акча тап. Огородуңду айдап, өзүң жеп, калганын базарга алып барып сат. Билим алып, иште. Силерге дагы эмне керек? Биз жасап жаткан мындай нерселер дүйнөдө да жок.

Назарбаевдин бул айткандары коомчулукта талкуу жараткан.

Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Ошондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү, турак жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылып маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

XS
SM
MD
LG