Грузияда премьер-министр Мамука Бахтадзе бүгүн, 2-сентябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы жатканын кабарлады. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мага Грузиянын премьер-министри даражасында биздин өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргош үчүн кызмат кылуу чоң жоопкерчилик жана чоң милдет болду. Мен «Грузин кыялы» партиясынын (башкаруучу партия) мүчөсү жана өлкөнүн берилген жоокери болгом жана мындан ары да боло берем», деп жазды.
Бахтадзе өзүнө чейинки өкмөт башчы Георгий Квирикашвилиге ыраазычылык билдирди жана өзүнөн кийинки премьерге ийгилик каалады. Ал 2-сентябрда өзүнүн кызматтан кетишине байланыштуу басма сөз жыйынын да өткөрмөкчү.
Ал премьер-министр болуп 2018-жылы июнь айында дайындалган жана ага чейин финансы министри болуп турган.
Грузиянын баш мыйзамына ылайык, премьер-министр кызматтан кеткенде өкмөт толук курамы менен тарайт, жаңы өкмөт башчы жана өкмөттүн жаңы курамы бекигиче министрлер милдетин аткаруучу болуп турат.