Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышты.

Баткендин Ак-Сай айылына жакын Кыргызстанга караштуу аймакта кыргыз жарандары дарыядан автоунаага шагыл жүктөп жатышкан. Аларга Тажикстандын чек арачылары келип, асманга үч жолу эскертүү иретинде ок атышкан. Курман болгондор жана жаракат алгандар жок.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары чатактын себебин териштирип жана абал курчуп кетпеши үчүн сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG