Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш бүгүн башталат


Жаачы кыз.
Жаачы кыз.

3-сентябрда жаа атуу спорту боюнча коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган II эл аралык мелдеш башталат. Мелдеш «Дордой» футбол комплексинде өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Мелдешке Азербайджан, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Орусия, Өзбекстан, Судан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн келген мергенчилер катышат. Ал эми Кыргызстандан 10 жаачы күч сынашат.

Мелдеш Жаа атуу федерациясынын, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, «Супара» этнокомплексинин жана «Шоро» компаниясынын демөөрчүлүгү менен өтүп жатат. Бул иш-чарага «Дордой» бирикмеси да кол кабыш кылууда.

Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш эки жылда бир өткөрүлүп келет. Уюштуруучулар шаардыктарды 6-сентябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтчү мелдештин финалына чакырат. (TSh)

XS
SM
MD
LG