Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Автоунаанын салыгын төкпөгөндөр айыпка жыгылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Турак жайга жана автотранспортко салык төлөөнүн мөөнөтү 2-сентябрда аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Салыкты кечиктирген жеке жарандар 1000 сом, юридикалык ишканалар 5000 сом өлчөмүндө административдик айыпка жыгылат. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Салык жарандар ээлик кылган автотранспорт, турак үйлөр, батир жана жер тилкелери үчүн төлөнөт. Салыкты атайын терминал, интернет-банкинг жана мобилдик тиркемелер аркылуу төлөсө да болот.

XS
SM
MD
LG