Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Адвокат: мурунку министр Абдылдаев күбө катары суралат


Бишкектин Жылуулук электр борбору.
Бишкектин Жылуулук электр борбору.

2-сентябрда баш калаанын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча сот процесси уланды. Анын жүрүшүндө айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди күбө катары суроону соттон өтүндү. Бул тууралуу Жоошев «Азаттыкка» маалымдады.

- «ТВЕА компаниясы боюнча суроолорго жооп берсин» деген сунуш киргиздим. Себеби Кытай тараптан ТВЕА компаниясын сунуш кылган каттар болгон. Ошонун айланасында тактоо иретинде суроолор болот.

Адвокаттын айтымында, сот Абдылдаевди күбө катары суроого макул болду. Бирок так датасы айтылган жок. Кийинки соттук отурум 4-сентябрда улантылат.

Адвокаттар күбө катары чакырууну сурагандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, экс-тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Азамат Үсөнов, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери ж.б. бар.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Буга чейин 90го жакын күбөнүн ичинен тогуз күбө калганы айтылган. Алардын ичинен беш күбөнүн учурда кайда экени белгисиз экенин адвокаттар айтып чыгышкан.

Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

XS
SM
MD
LG