Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Кабулдагы жардыруунун жоопкерчилигин талибдер алды


Дүйшөмбү күнү кечиндеги жардыруу үчүн жоопкерчиликти талибдер алды. Анда беш киши өлүп, ондогон жай тургун жаракат алган. Ооган президенти Ашраф Ганиге америкалык дипломат тынчтык келишиминин тексти менен тааныштырганы Кабулга келген учурда жардыруу болгонун «Reuters» агенттиги баса белгилеп жазды.

Келишимдин долбоорунда Ооганстандан америкалык беш миң жоокерди чыгарып кетүү каралган. Буга жооп катары талибдер экстремисттик топтордун АКШга кол салуу үчүн даярдануусуна ооган аймагынан жер бербөөгө жоопкерчилик алмак.

Дүйшөмбүдөгү жардыруу шаардагы эл аралык уюмдар жайгашкан аймакта болгон. Биринчи жарылуудан кийин дароо эле райондогу электр генератору иштен чыккан. Ооган Ички иштер министрлиги беш жай тургун каза болуп, дагы элүүдөй адам жарадар болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG