Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Эки киши катуу жабыркаган мушташтын катышуучулары изделүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанындагы мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековду издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

28-августта болгон мушташта эки киши жабыркап, бири комага түшүп калган. Эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга да тарап, анда бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси катуу тепки жегенин көрүүгө болот.

Бишкек милициясынын маалыматына караганда, ошол эле күнү Д.М. аттуу жаран кайрылып, күйөөсүн белгисиз бирөөлөр сабап кеткенин билдирип, аларга чара көрүүнү өтүнүп кайылган.

Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин («Ден соолукка оор зыян келтирүү») фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

31-августта сотко чейинки өндүрүштөгү кылмыш ишинин квалификациясы Жазык кодексинин 39-130 беренесинин («Киши өлтүрүүгө аракеттенүү») фактысына өзгөртүлүп, кылмышка шектүүлөрдүн ата-энесинин колдоруна шектүү жөнүндө кабарлоонун көчүрмөлөрү берилди.

Шектүү адамдарды издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG