Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Орусияда митингдердеги полициянын аракетине сын күчөдү


Москвада митингге чыккандарды полиция кууп тараткан.
Москвада митингге чыккандарды полиция кууп тараткан.

Орусияда «Левада-борбор» уюмунун соңку иликтөөсүнө ылайык, жарандардын 45 пайызы Москвада нааразылык акцияларына чыккандарга тартип коргоо органдарынын кызматкерлери негизсиз күч колдонду деп эсептейт. Ал эми үчтөн бир бөлүгүнүн пикиринде, полиция аша чапкан эмес.

«Леваданын» сурамжылоосуна катышкандардын дээрлик теңине жакыны Москвада шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана өз алдынча талапкерлерди колдогон нааразылык акцияларга кайдыгер экени белгилүү болду. Митингдерди колдогондор 23, ал эми ага каршы чыккандар 25 пайызды түздү.

Москвада өткөн айда миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өткөн. Анда полиция көчөгө чыккандарды кууп таратып, жүздөгөн адамдар кармалган. Демонстранттарга кылмыш иштери жана административдик иштер козголгон.

XS
SM
MD
LG