Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:41

Башкы прокуратура окуу китептерин сатып алууда мыйзам бузулганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура 1-2-класстар үчүн «Математика» китептерин сатып алууда Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери бир нече мыйзам бузууга жол беришкенин билдирди. Текшерүүдө дээрлик 91 млн. сомго жакын суммага, М.Моронун (Мария Игнатьевна Моро - орусиялык окумуштуу, методист – ред.) авторлугундагы жана башка башталгыч класстар үчүн жазылган математика боюнча окуу китебин сатып алууда «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзам бузулуп, техникалык спецификация иштелип чыккан. Муну менен сынакка катышуучулардын укугу бузулуп, мыйзамда көрсөтүлгөндөй бардыгына бирдей шарт, укук түзүлгөн эмес.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 5-августта белгилүү орусиялык математик Мария Моронун авторлугундагы 1-2-класстар үчүн математика боюнча окуу куралын сатып алууга тендер жарыялаган.

Анда министрлик бул окуу куралынын орус, кыргыз, өзбек жана тажик мектептери үчүн 289 миң даана ыңгайлаштырылган иштелмеси керек экенин билдирген. Тендердин жалпы баасы 91 миллион сомго жакын каражатты түзөт. Сынактын шарты боюнча басмаканалар орусиялык окуу куралын басуу укугун алып, аны ыңгайлаштырып, текшерип, иштеп чыгууга, нускалоого жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө чейин жеткирип берүүгө тийиш.

Буга чейин айрым басмакана ээлери Билим берүү министрлигиндеги окуу китебин басып чыгаруу тендериндеги коррупциялык элементтерге жол берген одоно мыйзам бузуу тууралуу «Азаттыкка» даттанышкан. Моронун авторлугундагы башталгыч класстар үчүн жазылган математика боюнча окуу китебин басып чыгаруу укугу бир эле басма үйүнө берилип, даярдалган. Муну мыйзамдаштырыш үчүн арткы мөөнөт менен тендер жарыяланганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле окуу куралын тандоо, аны ыңгайлаштыруу жана иштеп чыгуу боюнча сынактар өтпөй, мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамдын талабы бузулганын айткандар болгон.

Бул маселе августтун соңунда өкмөттүн окуу жылына даярдыкты талкуулаган жыйынында да көтөрүлгөн. (КЕ)

Толугураак: Окуу китебин алуудагы «оңой олжо»

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG