Орусиянын Москва шаарында 2-сентябрда Куранды орусчалаган жалгыз котормочу Валерия (Иман) Порохова 79 жаш курагында көз жумду. Анын зыйнаты 4-сентябрда Москванын Тынчтык проспектисиндеги мечитте өтөт.
Ал 1975-жылы сириялык жаранга турмушка чыккан жана алты жылдан кийин Москвадан Дамаскка көчүп кеткен. Порохова ислам динине өтүп, кошумча Иман деген ысым алган.
Ал Куранды 1991-жылы толук которуп бүткөн. Анын котормосундагы Куран көп нускада 12 ирет басылып чыккан.