Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:50

АКШ Ирандын космостук агенттиктерине каршы санкция киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Ирандын космостук изилдөө жүргүзгөн үч уюмуна каршы шейшембиде санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлиги кабарлады. Кеп Ирандын Космостук агенттиги, Космостук изилдөө борбору жана Аэронавтика тармагындагы изилдөө институту жөнүндө болуп жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул санкциялар боюнча комментарий берип жатып ирандык космос агенттиктери баллистикалык ракетаны өнүктүрүү программасына түздөн-түз тиешеси бар экенин жарыялады. Вашингтон космостук программаларга жамынып алып Кошмо Штаттарга коркунуч туудурчу өзөктүк курал иштеп чыгып жатышы мүмкүн деп Ирандан сактанат.

Помпео санкциянын киргени эл аралык илимий коомчулукка «Иран менен космостук тармакта кызматташпаганыңар жакшы» деген эскертүү болорун белгилейт. Өткөн жумада жандоочтогу камералар Ирандын түндүгүндөгү Хомейни атындагы космодромдо жарылуу болгонун тартып калышкан. Ал жакта телекоммуникациялык жандооч алып жүрүүчү «Нахид-1» ракетасын коё берүү даярдалып жаткан. Президент Дональд Трамп жарылуу болгон айтылган жердин сүрөтүн «Твиттерге» илип, АКШнын буга тиешеси жок экенин белгиледи.

Иран бир нече жандоочун космоско чыгарып, космостук жана ракеталык программасын кызуу өнүктүрүп жатат.

АКШнын бийлиги Тегерандын космостук программалары Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин баллистикалык ракеталарды жасабоо боюнча резолюциясын бузуп жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG