Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:22

Салянованын иши сотто каралат


Аида Салянова.

5-сентябрда Жогорку соттун соттук коллегиясы мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Салянованын жакындары кабарлашты. Процесске буга чейин үй камагына чыккан Салянова катышары кабарланды.

Аталган ишти сот жаңы кодекстерге негиздеп кайра карамак. 24-июлда башталган отурум 1-августка жылып, ал күнү да каралбай калган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова өзүнө «саясий буюртма» менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу 3-июлда камакка алынып, тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн 15-августта үй камагына чыккан. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG