Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

«Дориан» куюнунун кесепетинен өлгөндөр көбөйүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Багам аралдарында «Дориан» катуу шамалынын айынан жети адам өлдү, дагы ондогон киши жаракат алды. Өлкөнүн премьер-министри Губерт Миннис бул алдын-ала айтылган маалымат экенин, табигый кырсыктан ажал тапкандар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Губерт Миннис Абако менен Чоң Багам аралдары эң көп зыян тартканын, ал жакта тыптыйпыл кыйрап калган конуш бар экенин, катаал аба ырайынан улам куткаруучулар жете албай жатканын билдирди.

Соңку маалыматка ылайык, Багам аралдарында 13 миңден ашуун турак жай кыйрады жана кээ бир аймактарда телефон байланышы үзүлдү.

Социалдык тармактарда Багам аралдарында «Дориан» куюну кыйсыпыр-кымгуут салганы тартылган видеолор тарап жатат.

Жергиликтүү «Our News Bahamas» басылмасы туугандарынын жана жакындарынын дайын-дарегин таппай отурган жарандар үчүн «Фесбуктагы» баракчасында атайын орун ачты. Ал жерде калтырылган билдирүүлөр ушул тушта эки миңден ашты.

«Дориан» катуу шамалына байланыштуу АКШнын бир катар штаттарында өзгөчө абал жарыяланып, тургундар коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлдү.

XS
SM
MD
LG