Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Британ парламенти Брекзиттин мөөнөтүн жылдыруучу мыйзамды карайт


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Британияда парламент өлкөнүн Европа Биримдигинен чыга турган күнүн кийинкиге жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун талкуулаганы жатат. Мунун алдында парламенттин күн тартибин аныктоосун чектөө боюнча өкмөттүн сунушун депутаттардын көпчүлүгү колдогон.

Бул Брекзит үчүн күрөштө премьер-министр Борис Жонсондун алгачкы чоң жеңилиши катары сыпатталып жатат.

Британияда 2016-жылы Брекзит боюнча референдум өткөн жана анда өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгаруу тууралуу сунуш колдоо тапкан. Андагы планга ылайык, Лондон шаркеттен быйыл март айында чыгышы керек эле. Буга чейинки өкмөт башчы Тереза Мэй Брюссел менен түзүлгөн келишимдин долбоору менен үч жолу парламентке келген, бирок аны депутаттар колдобой койгон. Ошондон улам Мэй кызматтан кетип, шаркеттен чыгуу мөөнөтү 31-октябрга жылдырылган.

Борис Жонсон Брюссел менен макулдашпай туруп деле Брекзит жараянын белгиленген мөөнөттө ишке ашырарын айтып келатат.

XS
SM
MD
LG