Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Турсунбеков: Нарында абалы Кеңештегидей 22 мектеп бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунда Кеңеш айылындагыдай авариялык абалда турган 22 мектеп бар. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты, экс-спикер Чыныбай Турсунбеков “Парламентаризм сабактары” берүүсүндөгү маеги учурунда билдирди. Ал контейнерден куралган мобилдик үйдө билим алып жаткан Кеңеш айылындагы эски мектеп туурасында, мындан эки жыл мурда Билим берүү жана илим министри баш болгон тийиштүү органдарга маалымат берилгенин белгиледи. Өткөн жылы Кеңеш жана Эмгек-Талаа айылындагы мектептин долбоорун түзүү үчүн 150 миң сомдон каражат бөлүнүп берилгенин кошумчалады.

-Бул бир гана мисал болуп атат. Облуста аркан менен тарттырып койгон, түркүк менен тиретип койгон мектептер бар. Андайлар облуста 22. Убагында алардын сүрөттөрү менен тиркеп тийиштүү мекемелерге бергем.

Депутат айрым айылдарда экиден мектеп курулуп, мурда эки смен менен окуп келген окуучулар бир сменден гана окуп калган учурлар да жок эмес экенин айтты.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү окуучулар контейнерден куралган мобилдик үйдө билим алып жаткан Кеңеш айылында жаңы мектеп курула турганын билдирген. Кеңеш айылындагы эски мектептин имараты эскилиги жеткендиктен окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн окуучуларга мобилдик үйлөрдө билим берүү чечилген. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу, жылуу болгон башка жерге которулат.

Буга чейин социалдык тармактарда Кеңеш айылындагы контейнерде билим алып жаткан окуучулар боюнча сүрөт талкууланып жатат. Активисттер мектепти ашар жолу менен курууну сунуштап, банктан эсеп ачышты.(KE)

XS
SM
MD
LG