Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Акматалиев: Кудайбердиеванын арызын сыйлашыбыз керек


Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын кызматтан кеткени боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал Кудайбердиева чоң тармакты башкарып, жакшыбы-жаманбы аракет кылды деп эсептейт.

- Министр болуп, өкмөттүн мүчөсү болуп иштөө бүгүнкү заманда өтө татаал, - деди ал. - Министрдин колунда деле мүмкүнчүлүк азыраак. Президент, өкмөт, коом тарабынан да көзөмөл күчтүү. Гүлмира Кудайбердиева үч жыл чоң тармакты жетектеди. Жаманбы-жакшыбы аракет кылды. Сын жалгыз эле бул министрге эмес, башкаларга да болуп жатат. Ага карата жүйөлүү да, жүйөсү жок да сын болду. Бирок ал кишинин өз арызы менен кеткен чечимин да сыйлашыбыз керек.

4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кызматтан кеткен. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазган.

Кудайбердиева 2016-жылдан бери министр катары эмгектенип келген. Ал башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталарга, тендерге байланыштуу бир топ сын-пикирлер айтылып келген. Акыркы жолу Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар контейнерде окуп жатканы коомчулукта чоң талкуу жараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG