Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Мамлекеттик Дума «Deutsche Welle» жазаланарын эскертти


«Deutsche Welle» (DW).
«Deutsche Welle» (DW).

Орусияда Мамлекеттик Думанын чет өлкөлүк мамлекеттердин кийлигишүүсүн иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиясы германиялык «Deutsche Welle» телерадио корпорациясынын «аккредитациясын жокко чыгарып коёрун» эскертти.

Комиссиянын башчысы Василий Пискарев муну чет өлкөлүк медиа компания Мамлекеттик Дума менен кызматташуудан баш тартып, алар сураган маалыматтарды, түшүндүрмө бербей жатканы менен негиздеди.

Депутаттык комиссия Москвада шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана өз алдынча талапкерлерди колдогон нааразылык акцияларынан улам түзүлгөн. Бийлик өкүлдөрү «бул митингдердин артында үчүнчү күчтөр турат, айрым чет өлкөлөр кийлигишип жатат» деген мазмундагы дооматтарды айтышкан.

Немис телерадиокорпорациясынын башчысы Йоханнес Хоффманн 4-сентябрда «Deutsche Welle» Орусиянын ички ишине кийлигишкен деген сөздөрдү четке какты. Ал медиа компаниянын Москва шаарындагы бюросунун кызматкерлеринин андай мүмкүнчүлүгү жок экенин белгиледи.

Москвада өткөн айда миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG