Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Президент өкмөттүн ишине толук шарт түзүлгөн деп эсептейт


Сооронбай Жээнбеков жана Мухаммедкалый Абылгазиев.
Сооронбай Жээнбеков жана Мухаммедкалый Абылгазиев.

4-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Алар мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүшү, инфратүзүм долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө кеп кылышты. Президент Жээнбеков өкмөт өлкөдөгү ар кандай көрүнүштөргө, чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү ыкчам чара көрүшү керек экенин белгиледи. Ошондой эле өкмөттүн ишине тоскоол болуучу фактор жок экенин айтты.

- Өкмөттүн иши үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок, - деди Жээнбеков.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн алдыдагы жана аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат берди. 3-сентябрда президент парламент төрагасын да кабыл алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG