Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

«Google» 170 млн. доллар төлөмөр болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Google» корпорациясы жана ага караштуу «YouTube» видео кызматы Интернетте балдар жөнүндө маалыматты коргоо боюнча мыйзамды бузгандыгы үчүн 170 миллион доллар айып төлөйт. Бул тууралуу АКШнын Федералдык соода комиссиясы маалымдады.

Федералдык соода комиссиясы жана Нью-Йорк прокуратурасы «YouTube» чоң кишилердин уруксаты жок эле өспүрүмдөр жөнүндө маалымат топтоп, таргетинг реклама үчүн колдонгонун билдирүүдө. АКШнын мыйзамдарына ылайык, интернет-компаниялар 13 жашка чыга элек балдардын маалыматын чогултуп, иштеп чыгышы үчүн алгач ата-энелеринин уруксатын алышы керек.

«Google» үчүн бул эң ири айыптардын бири болуп калды. Ошондой эле Федералдык соода комиссиясынын тарыхында Интернетте балдар жөнүндө маалыматты коргоо жөнүндө мыйзам боюнча салынган эң ири айып болду. Мыйзам 1998-жылы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG