Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Мамытов: УКМКнын жоокеринин өлүмүнө шектүү жаран күнөөсүз экенин айтып жатат


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда окко учкан атайын кызматтын жоокери Үсөнбек Ниязбековдун өлүмү үчүн шектүү катары кармалган жаран өзүнүн күнөөсүз экенин Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине айтып берген. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттыкка» кабарлады.

- «Болгону ал жерде (ред: Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө) үч эле күн болгом» деп жатат. Аны жумушка Алга Кылычов айдоочу кылып алган экен. Ал «колума курал кармаган эмесмин, күнөөм жок» деп жатат, - деди Токон Мамытов.

Мындан сырткары Токон Мамытов Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу тергөө абагына кармалгандарга, анын ичинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да кирип, жолугуп чыкканын белгиледи.

УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын биринчи күнүндө ок тийип курман болгон.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын айткан. (ТSh)

XS
SM
MD
LG