Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов сотторго камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун ишин калыс кароого чакырды. Ал бүгүн, 5-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жапаровго 2014-жылдагы мунапысты колдонуп, жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча жактоочуларынын өтүнүчүн соттор канааттандырбаганын сындады.
- Жапаровдун адвокаты сотторго мунапыс колдонуу боюнча кайрылса аны эки инстанция тең жокко чыгарды. Бул мунапыс баарына эле колдонулуп, эмне үчүн Садыр Жапапровго келгенде эле колдонулбай калат? Мен сотторго кайрылам. Силер мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү карагыла. Соттор Жогорку Кеңешке шайланганы келгенде баары тең «мыйзам чегинде иштейбиз» деп жооп беришет. Сот болуп алгандан кийин мыйзамга карабай өзүлөрү билгенин кылып атышат, - деди Жамалдинов.
2019-жылдын башынан тартып иштей баштаган жаңы кодекстер боюнча Жапаров соттолгон берене өзгөчө оордон оор кылмыштарга алмашкан. Бул 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келет. Буга байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Аламүдүн райондук сотуна Жапаровго мунапыс колдонууну сунуш кылган.
Аламүдүн райондук соту бул сунушту 16-июлда карап, Жапаровдун мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтүн кыскарта турган «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде арызды кабыл алган эмес. 19-августта Чүй облустук соту Жапаровдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карап, райондук соттун токтомун күчүндө калтырган.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. (BTo)