Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Талгарбеков: Сегизбаевдин ишин иликтеш керек


Талгарбеков: Сегизбаевдин ишин иликтеш керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:47 0:00

Мурдагы айыл чарба министри, мурдагы вице-премьер-министр, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бекболот Талгарбеков УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «төңкөрүшкө даярданган» деген кине менен аларга жасалма кылмыш ишин токуган деп эсептеп, бул ишти мыйзам чегинде иликтөөнү талап кылып, аны жоопко тартуу маселесин көтөрдү. Б.Талгарбеков А.Сегизбаев менен И.Жолдубаеваны азыр деле калкалап турган ички-тышкы күчтөр бар экенин белгилеп, акыйкатка жетиш үчүн «төңкөрүшгейт» ишин ачык иликтеп, анын негизинде жасалма кылмыш иштерин ачканы үчүн жогорудагы мурдагы кызмат адамдарынын ишин иликтөө зарыл экенин айтты. Талгарбеков «Элдик парламенттин» өкүлдөрүн кармоо, камакка алуу, ишти жабык түрдө тергөө жана аларды жабык соттоодогу «акылга сыйбаган» мыйзамсыздык тууралуу кеп салды. Ал мурдагы президент Атамбаевдин «жасоолдору» 30-жылдардагы НКВДнын эски усулдарын колдонгон деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG