Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Облустар үчүн антикоррупциялык план иштелип чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өлкөнүн бардык облустары жана Бишкек, Ош шаарлары үчүн антикоррупциялык пландарды иштеп чыгат. Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, катчылык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык тобокелчиликтерди изилдөөгө киришти.

Учурда Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиги талданууда.

Бул иштин алкагында 23-29-сентябрь күндөрү Каракол, Нарын жана Талас шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн семинарлар өткөрүлөт. Анда коррупциялык тобокелчиликтерди табуу, антикоррупциялык пландарды иштеп чыгуу жагы окутулат. Ушундай эле семинарлар буга чейин Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн өткөрүлгөн.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жыл аягына чейин мындай семинарларды өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүүнү пландоодо. (BTo)

XS
SM
MD
LG