Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:34

Бишкекте мушташта жабыркагандардын жакындары митингге чыгышты


Жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары митингде. Бишкек, Кыргызстан.

Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышты.

Алар шектүүлөрдү милиция атайылап бошотуп жибергенин белгилеп, тиешелүү кызматкерлерден сырткары Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жоопкерчилигин караш керек экенин айтышууда.

Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга жем таштаган. Тасмада бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, ага карабай аларды белгисиз адамдар башына тепкилеп, жанчып жатканын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кийин окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган.

Чуудан кийин Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар Улуттук госпиталга жаткырылганын, бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирди. Алар азыр жалпы палатада дарыланып жатканы кабарланды. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG