Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 100дөй киши тынчтык митингине чогулду. Алар өкмөттөн 90 чакырымды түзгөн Ак-Талаа - Кош-Дөбө автоунаа жолун оңдоп берүүнү талап кылышууда.
«Азаттыктын» аймактагы кабарчысынын айтымында, нааразылыкка чыккандар: «Жол качан оңдолот?» деген суроого Транспорт жана жол министрлиги бир жуманын ичинде келип жооп берсин. Болбосо жол тосууга чейин барабыз» деп жатышат.
Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров өкмөткө бул маселе коюлганын айтып, жакын арада чечилерин билдирди. Ал жол чекесинен жасалып келе жатканын айтып, жолду толугу менен оңдоого өкмөттүн чама-чаркы жетпей турганын кошумчалады. (MiK/BTo)