Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

КМШнын биржа жана депозитарий адистери Бишкекке чогулду


«Финансы рыногундагы интеграциялык процесстер: Евразия жана глобалдык экономика» аттуу конференция. Бишкек, Кыргызстан.
«Финансы рыногундагы интеграциялык процесстер: Евразия жана глобалдык экономика» аттуу конференция. Бишкек, Кыргызстан.

Бишкек шаарында «Хаятт Риженси» мейманканасында «Финансы рыногундагы интеграциялык процесстер: Евразия жана глобалдык экономика» аттуу эл аралык конференция өтүп жатат.

Ага Армения, Беларус, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Грузия, Иран, Түштүк Корея, Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрдүн биржаларынын жана борбордук депозитарийлеринин жетекчилери, өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эсеп-клирингдик уюмдардын, маалымат агенттиктеринин, регуляторлордун жана SWIFT компаниясынын өкүлдөрү катышууда. Жалпысынан жүздөн ашык киши бар.

Чогулгандар финансы рынокторун интеграциялоонун жолдорун, биржалар жана депозитарийлер ортосундагы карым-катышты арттыруу, тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашууда. Ошондой эле стандарттарды үндөштүрүү, «пост-трейдинг» индустриясынын акыркы тренддери, финансылык рыноктогу өзгөрүүлөр жана анда жаңы технологияларды колдонуу тууралуу да сөз болууда.

Бишкекте биринчи жолу уюшулуп жаткан жыйын Кыргызстандын биржалык жана эсептик системасынын катышуучулары үчүн диалог аянтчасы катары кызмат кылат. Бул жыйын мурда КМШнын башка өлкөлөрүндө өтүп келген.

Кыргызстандагы конференцияны Евразиянын борбордук депозитарийлеринин ассоциациясы (ЕБДА) менен КМШ биржаларынын эл аралык ассоциациясы (ЭБА КМШ) Кыргызстандын «Борбордук депозитарийлер» жана «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коомдору менен бирге уюштурууда. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG