Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов Жал кичирайонунда эки кишини мыкаачылык менен сабагандарга Кыргызстандан тышкары Орусияда, Казакстанда жана башка чет мамлекеттерде да издөө жарыяланганын билдирди.
Бул тууралуу ал бүгүн, 5-сентябрда, шаардык милицияда жабыр тарткандардын жакындары менен жолугушкан учурда айтты. Ленин райондук соту издөөдө жүргөндөрдү камакка алуу зарыл деген бөгөт чарасын аныктаган.
Бүгүн токмоктолгон адамдардын жакындары Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгып, шектүүлөрдү тезирээк кармап, аларды коё берген милиция кызматкерлерине чара көрүү тууралуу талаптарды коюшту.
Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкуу жаралган. Тасмада таяк жеген адамдар катуу соккудан эсин жоготконуна карабай, аларды белгисиз адамдар башка тепкилеп, жанчып жатканын көрүүгө болот.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кийин окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган. (BTo)