Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Аманбай Кайыпов.
Аманбай Кайыпов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев «Фейсбуктагы» баракчасында жазып, аны менен тогуз ай иштешкенин айтып, ыраазычылык билдирди.

Маалыматты Өмүрбаев «Азаттык» радиосуна да ырастады. Ал жетекчисинин кызматтан кетишинин себебин тактаган жок.

Мунун алдында Кайыповдун иштен алынганы тууралуу кабар тарап жаткан. Аны Кеңеш айылындагы контейнерден курулган мектеп чуусу жана мурдараак чыккан Солтон-Сары кениндеги жагдайларга байланыштуу жумуштан кетишин талап кылгандар болгон.

Кыргызстанда талкууга түшкөн акыркы окуялардын фонунда 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган. (ErN\BTO)

XS
SM
MD
LG