Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

АКШ Сирияга кара май ташыганы үчүн Иранга дагы санкция салды


АКШнын финансы министри Стивен Мнучин.
АКШнын финансы министри Стивен Мнучин.

АКШнын Финансы министрлиги Иранга карата санкцияларын кеңейтти. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, санкциялык тизмеге тогуз киши жана бирдиктүү транспорт түйүнүнө кирген, кара май ташыган алты танкер кирди.

АКШнын мекемеси тизмеге кирген адамдардын, мекеме-уюмдардын активдерин чектеди жана америкалык жарандарга алар менен чогуу кандайдыр бир иш кылууна тыюу салды.

«Кара тизмеге» кошулгандардын катарында Ирандын мунай боюнча мурдагы министри Ростам Касеми да бар. Ошондой эле Гибралтарда камакка алынып, кийичерээк коё берилген, Ирандын кара май ташыган танкери менен байланышы бар экени айтылган индиялык компания да кошулду.

Аптанын башында Кошмо Штаттар Ирандын космотук үч агенттигине санкция салган эле.

Мунун алдында Ирандын президенти Хасан Роухани эл аралык өзөктүк келишимдеги өзүнүн милдеттенмелерин азайтуунун үчүнчү айлампасы башталарын кабарлады. Ага ылайык, Тегеран 6-сентябрдан тартып уран байытуунун көлөмүн дагы көбөйтөт жана плутоний өндүргөн реактордун иши жанданат.

Ушул тушта Иран менен АКШнын мамилеси курчуп жатат. Жаңжалга Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтондун чыгып кеткени негиз болгон. Буга байланыштуу АКШ Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизген, Тегеран ага жооп кылым келишимдеги милденттенмелерин азайта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

XS
SM
MD
LG