Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Сузакта мугалимдин токмоктолушун милиция териштирип жатат


Юрий Губайдулин Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканада дарыланып жатат.
Юрий Губайдулин Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканада дарыланып жатат.

Сузак районунун Ленин айылында 67 жаштагы пенсионер мугалим Юрий Губайдулиндин токмоктолушун райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, факт Кылмыштар менен жоруктардын реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тергөө уланууда.

Юрий Губайдулин 25-августта Ленин айылында айылдаштары менен суу талашып, аны бир тууган Молдобаевдер токмоктоп салганын айтып милицияга кайрылган. Учурда ал жаагы сынып, облустук клиникалык ооруканада дарыланып жатат. Ага эки күн мурда операция жасалган. Дарыгерлер анын абалын туруктуу деп жатышат.

Бир катар сайттар мугалимди анын мурдагы окуучулары сабап салганын жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, жабырлануучу Сузактын Ленин айылындагы Юрий Гагарин атындагы орто мектепте 45 жылдан бери орус тил жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келген. Быйыл сентябрдан тартып ал жумушун тапшырды. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG