Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Өкмөттүк топ кыргызстандык балдарды алып келиш үчүн Багдадга барат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөтү Ирактагы кыргыз жарандарынын балдарын алып келүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги менен тийиштүү мамлекеттик органдар Ирактын пенитенциардык мекемелери менен кызматташууда.

Атайын түзүлгөн топ жакынкы арада документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келиш үчүн Багдад шаарына барышы пландалды. Жумушчу топтун курамында квалификациялуу адистер, психолог жана теологдор болот.

Мындан тышкары Сириянын аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын турган жери тууралуу маалыматтарды жана алардын санын тактоо боюнча тийиштүү иштер аткарылууда.

Өкмөтү аталган өлкөлөрдөгү балдарды өлкөгө алып келүү аракеттерин бир нече айдан бери карап жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG