Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:21

Депутат Карамушкина тергөөчүлөр телефонун алып койгонун айтууда


Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон депутаты, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкина тергөөчүлөр чөнтөк телефонун алып коюшканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анда эл өкүлү «тергөөчүлөр сүйлөшүүлөрдү жана жазышкан каттарды алыш үчүн телефонумду алып коюшту. Алар депутаттык статусту бузушту. Мен мыйзам чыгаруучу органдын өкүлүмүн, мага шайлоочулар, журналисттер чалышат. Сотко кайрылууну сунуш кылышты. Бүгүн ким сотторго ишенет?» деп жазган.

4-сентябрда Ирина Карамушкина Ички иштер министрлигине суракка кирип чыккан.

22-августта Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналып жатканын кабарлаган.

Депутат өзү атайын кызматтын өкүлдөрүн 20 сааттан ашуун убакыт кармап туруунун себебин «сыртка чыгарганда аларды башкалар токмоктоп салышы ыктымал эле» деп түшүндүрүүдө.

Ирина Карамушкина - 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири. Ал 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG