Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Ооганстандагы жардыруудан 12 киши өлдү


Ооганстандын баш калаасындагы жардырууларда бери дегенде 12 адам өлдү. Алардын арасында америкалык жана руминиялык аскерлер бар экени кабарланды.

Маалыматтарга караганда, 5-сентябрдагы жардыруу өкмөттүк мекемелер, элчиликтер, НАТОнун штаб-квартирасы жана «Азаттыктын» ооган кызматынын кеңсеси жайгашкан аймакта болгон. Жабыркагандардын саны такталууда.

Жардырууга жоопкерчиликти «Талибан» радикал кыймылы алып, аны жанкечти ишке ашырганын маалымдады. Апта башынан бери Кабулда ушуну менен үч жардыруу болду.

XS
SM
MD
LG