Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Эки кишини катуу сабады деп шек саналгандар камакка алынды (видео)


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы баш калаада эки кишини катуу сабады деген шек менен издөөдө жүргөн Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык милициянын криминалдык кызматынын өкүлдөрү шектүүлөрдү Кыргызстандын аймагынан кармашкан. Учурда алар милициянын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бирок «Жалбырак ТВ» каналы тараткан видеодо алар милицияга өздөрү келгени айтылып, анда милиция кызматкерлери камакка алуу тууралуу чечимин окуп берип жатканы көрсөтүлгөн. Видео 6-сентябрь күнү таңкы саат төрт чамаларында тартылган.

5-сентябрда Жал кичирайонундагы жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышкан.

Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга жем таштаган. Тасмада бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, ага карабай аларды белгисиз адамдар башына тепкилеп, жанчып жатканын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кийин окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган.

Чуудан кийин Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар Улуттук госпиталга жаткырылганын, бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирди. Алар азыр жалпы палатада дарыланып жатканы айтылган. (TSh)

Дагы окугула: Коомчулукту дүрбөткөн мыкаачылык

XS
SM
MD
LG