Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Сирияда үч орусиялык аскер каза болгону кабарланды


Сирияда үч орусиялык аскер каза таап, дагы экөө оор жарадар болгон. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы «Al-Masdar News» араб маалымат агентигине жана аскердик дипломат булагына таянып кабарлады.

«Ведомости» басылмасынын булагы аскерлер 4-сентябрда Сириянын бийлигинин карамагындагы Журин калктуу конушунда курман болушканын билдирген. Баштапкы маалыматтарга ылайык эки жолу мина жарылган.

Ал эми «Al-Masdar News» араб басылмасы Түркия колдогон «Улуттук бошотуу фронтуна» таянып, Идлиб провинциясындагы Ажаз конушунда аскерлер аталган топтун буктурмасына кабылышканын кабарлады.

Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги курман болгон аскер боюнча кабарды төгүндөп жатат.

XS
SM
MD
LG