Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:42

Аманбай Кайыпов өкмөттүн Нарындагы өкүлү кызматынан бошотулду


Аманбай Кайыпов.
Аманбай Кайыпов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-сентябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кайыпов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 5-сентябрда белгилүү болгон. Бирок анын себептери ачык айтылган эмес.

Кеңеш айылындагы контейнерден курулган мектеп чуусуна жана мурдараак чыккан Солтон-Сары кениндеги жагдайларга байланыштуу анын жумуштан кетишин талап кылгандар болгон.

Кыргызстанда талкууга түшкөн акыркы окуялардын фонунда 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган. (BTO)

XS
SM
MD
LG