Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

АКШ Коршуновго интеллектуалдык менчик боюнча айып койду


Александр Коршунов.
Александр Коршунов.

Кошмо Штаттардын прокуратурасы Италияда камакка алынган орусиялык «Ростех» мамлекеттик ишканасынын топ-менежери Александр Коршуновго коюлган айыпты ачыкка чыгарды. Ага ылайык, 57 жаштагы Коршунов америкалык авиациялык компанияга тиешелүү «интеллектуалдык менчикти жана патенттерди уурдады» деп айыпталып жатат.

Бул кылмыш ишинде анын шериги катары шек саналган, АКШнын «GE Aviation» компаниясынын Италиядагы бөлүмүнүн башчысы жана Кытай менен Орусиядагы бизнестери үчүн да жооптуу өкүлү Маурицио Бьянкиге дагы айып коюлду.

Коршунов 30-августта Италияда Неаполь аэропортунда камакка алынган.

«Ростехтин» басма сөз кызматы корпорация Коршуновдун жагдайын иликтеп жатканын жана анын күнөөсү жоктугуна ишенерин билдирди.

Коршуновдун камалганы боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин да комментарий берген. Ал Владивостокто Чыгыш экономикалык форумунда бул окуяны «абийирсиз атаандаштык» деп баалады.

XS
SM
MD
LG