Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:18

Бишкек ЖЭБинде авария болуп, эки адам жабыркады


Бишкек ЖЭБи. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүн, 6-сентябрда авария болуп, мекеменин эки кызматкери жабыркады. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кабарды борбордун ЖЭБин караган «Электр станциялары» ишканасы ырастады.

Мекеменин басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиева «Азаттыкка» билдиргендей, турбиналардын бири токтоп калган. Натыйжада электр адиси жеңил жараат алган. Ал жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык экенин, турбина кайрадан иштей баштаганын кошумчалады.

Кырсыктын себептерин атайын комиссия иликтейт.

2018-жылы кыш чилдеде, Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон. Алардын айрымдары боюнча биринчи инстанциялардын өкүмдөрү чыкса, башкалары дагы эле уланууда. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (30)

XS
SM
MD
LG