Францияда узакка созулган териштирүүдөн кийин, Рошфор шаардык соту «Морис аттуу короздун таң кылайгандан тарта каалашынча кыйкырууга укугу бар» деген чечим чыгарды. Корозго байланыштуу анын кожоюнун кошунасы 2017-жылы сотко берген. Бул окуяны француз басылмалары «элет жергесинин эзелтен калган жашоо ыкмасы менен чоң шаарларда калыптанган баалуулуктардын күрөшү» деп да сыпатташкан.
Айрым жарандык активисттер короздун укугун талашып чыгышкан жана аны коргоого чакырган петицияга 140 миң адам кол койгон.
Мористин окуясына чейин да Францияда шаардыктар айыл-ападагы күнүмдүк турмуштун бир бөлүгүнө - мөөрөгөн уйларга, чиркөөлөрдө кагылган коңгуроолорго каршы арызданып, сотко кайрылган учурлар болгон. Бирок бир да ишти сот канааттандырган эмес.
Короз - Франциянын символу. Анын сөлөкөтү президент отурган Елисей сарайынын дарбазасына чегилген, футбол боюнча курама команданын формасына да короздун сүрөтү түшүрүлгөн.