Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Мушташ үчүн кармалгандар көрсөтмө берүүдөн баш тартышты (видео)


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.

Баш калаада эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков ушул иш боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов билдирди.

Ал ушул себептен улам кылмыштын мотиви белгисиз болуп жатканын кошумчалады. Утемисов ошондой эле мындай кадам шектүүлөрдүн укугу экенин, тергөөнүн жүрүшүндө адвокаттын катышуусу менен кийин кеңири көрсөтмө беришерине ишеним артарын айтты.

Бишкек шаардык милициясы издөөгө алынгандар 6-сентябрь күнү, таңга жуук кармалганын билдирген. «Жалбырак ТВ» каналы тараткан видеодо болсо алар милицияга өз эрки менен келгени тартылган. Учурда алар милициянын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга жем таштаган. Тасмада бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, ага карабай аларды белгисиз адамдар башына тепкилеп, мыкаачылык менен кайра-кайра тээп жатканын көрүүгө болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кийин окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган.

Чуудан кийин Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар Улуттук госпиталга жаткырылганын, бирөөсү жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирген. Алар азыр жалпы палатада дарыланып жатканы айтылды.

5-сентябрда Жал кичирайонунда болуп өткөн бул мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну тартип сактоо органдарынан талап кылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG