Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:22

Ибраимов менен Кулматовдун соту дүйшөмбүгө калды


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда, мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча бүгүнкүгө белгиленген отурум болгон жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” алардын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Ал процессти жылдыруу боюнча соттун чечими аларга түшүнүксүз болгонун, келерки соттук кароо 9-сентябрь, дүйшөмбү күнгө белгиленгенин кошумчалады.

Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда. Акыркы жолу Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Кулматов менен Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын караган учурда алардын абактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан.

Экс-мэрлердин иштерин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Адвокаттардын ишти өз-өзүнчө бөлүп кароо тууралуу бир нече өтүнүчү канааттандырылган эмес. Жалпысынан бул соттук жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG