Бишкекте тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Кыргызстан менен бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кызматташуу маселелери тышкы саясат боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйынында талкууланды.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда министр Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын ишине катышуу үчүн кыргыз делегациясынын Нью-Йорк шаарына боло турган сапарына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берди. Мындан сырткары тышкы саясий багыттар боюнча иштелип чыккан сүйлөшүүлөр жана маселелер жөнүндө маалымдады.
БУУ Ассамблеясынын 74-сессиясы 17-сентябрда ачылып, 24-сентябрда жалпы жарыш сөздөр башталат. (КЕ)