Индиянын космосту изилдөө уюму (ISRO), Айга конуучу «Викрам» модулу менен байланыш үзүлгөнүн кабарлады. Байланыш Айдын катмарынан 400 метрге жакын аралыкта үзүлгөн.
Маалыматка жараша, модуль Айдын Түштүк уюлундагы, Манцини С и Симпелий N кратерлеринин арасында жайгашкан дөңсөөгө конмок жана анын бортундагы Айдын катмарында жүрүүчү, салмагы 27 кг болгон «Прагьян» аппаратынын жардамы менен кыртыш изилденмек.
«Викрам» модулу планета аралык «Чандарьян-2» станциясынан ушул жуманын дүйшөмбү күнү ажыраган. Телеметриялык маалыматка караганда, модуль Айдын катмарынан 35 чакырым бийиктиктен ылдыйлап баштаган жана 2100 чакырым бийиктикте болжолдонгон оптималдуу траекториядан чыгып кеткен.
Эске сала кетсек, Айдын Түштүк уюлу изилдене элек. Индиялык окумуштууларынын божомолуна жараша, көпчүлүк бөлүгү көлөкөдө жайгашкан бул уюлда суунун изи жана Күн системасына тиешелүү башка материалдар болушу мүмкүн.
Индия быйыл июлда станцияны Айга учууга бир саат калганда токтотуп, кийинкиге жылдырган. Ага техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылган.
«Чандарьян» космостук долбоорунун баасы 125 млн. долларды түзөт.
Долбоор ийгиликтүү ишке ашса Индия АКШдан, Орусиядан жана Кытайдан кийинки Айдын кыртышын багындырган төртүнчү космостук державага айланат.