Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Бишкекте автоинспекторду сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды


Бишкекте автоинспекторду сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды.

Бишкекте автоинспекторду сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясы “Азаттыкка” кабарлады.

Маалыматка караганда, 6-сентябрда “Mazda 626” машинасынын айдоочусу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже инспекторун, милициянын старшинасын укпай жол эрежесин бузуу менен машинасын айдап кеткен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жазы кодексинин 266-беренсинин (“Бейбаштык”) негизинде катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

26 жаштагы кылмышка шектүү ушул эле күнү кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу тергөө абагына камалды. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG