Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:04

Орусия-Украина: туткундарды алмашуу башталды


Керч кысыгында кармалган украиналык деңиз аскерлери.
Керч кысыгында кармалган украиналык деңиз аскерлери.

Орусиянын жана Украинанын бийликтери туткундарды алмаша баштады. Болжол менен эки тараптан тең соттолгондор Москванын Внукова аэропортуна жана Киевдеги Борисполь аба майданына алынып келинди.

Алмашуу “35ке 35” схемасы менен болот деп күтүлүүдө. Орусия мурда айтылгандай “террорчулукка” байланыштуу айыпталып, 20 жыл абакка кесилген режиссёр Олег Сенцовду бошотушу керек.

Киев "РИА Новостинин” Украинадагы бөлүмүнүн башкы редактору Кирилл Вышинскийди Москвага өткөрүп берет. Аба майданда аны менен түшкөн сүрөттү Орусиянын RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян "Телеграммдагы" каналына жайгаштырды.

7-сентябрь күнү эртең менен Москвадагы “Лефортово” тергөө абагынын аймагынан эки автобус атайын коштоо менен чыгып кеткен.

Алмашуу жараянына катышкан орусиялыктар Киевден Москвага учуп келгенин "РИА Новости” агенттиги жазды. “Интерфакстын” маалыматына караганда, Внуково аба майданынан украин желегинин сүрөтү бар "Ан-128" учагы учуп кетти. Анда алмашыла турган украиналыктар болушу ыктымал.

Туткундарды алмашуу жараяны башталганы тууралуу маалымат 30-августта айтыла баштаган. Бейшембиде Владимир Зеленский Украинада соттолгон Орусиянын 12 жаранына ырайым берген жарлыкка кол койгон. 5-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүү аягына чыгып калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG