Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:43

Ошто 500 комузчу «Маш ботойду» чертти


«Маш ботойду» черткен комузчулар. 7-сентябрь, 2019-жыл. Ош.
«Маш ботойду» черткен комузчулар. 7-сентябрь, 2019-жыл. Ош.

Комуз күнүн утурлай 500 комузчу Алымбек Датка этнографиялык комплексинде «Маш ботой» күүсүн чертишти.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Флешмобго музыкалык окуу жайларда окуган студенттер, музыканттар, шаардагы театр жана филармониянын кызматкерлери катышты.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, 9-сентябрь Кыргызстанда Комуз күнү деп белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG