Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Путин менен Зеленский туткун алмашуунун жыйынтыгын сүйлөштү


Владимир Зеленский жана Владимир Путин. Коллаж.
Владимир Зеленский жана Владимир Путин. Коллаж.

Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүп, тутукундарды алмашуу маселесин талкуулашты. Эки өлкөнүн лидерлери соттолгондордун бошотулганына канааттанганын билдиришкен. Бул тууралуу эки мамлекеттин башчыларынын басма сөз кызматтары кабарлашты.

Президенттер Донбасста элдешүү келишимин сактоо жана жаңжал болуп жаткан аймактарда кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты. Франция менен Германиянын катышуусунда өтө турган норманд форматындагы саммитке даярдык сүйлөшүүдөгү негизги темалардын бири болду.

Кремль сүйлөшүү Киевдин демилгеси менен болгонун кабарлады.

Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Киев менен атайын келишим түзүүнү сунуш кылды. Акыйкатчы орусиялыктар менен украиналыктарга карата кылмыш иштерин «тең укуктуулуктун негизинде» токтотуу боюнча сүйлөшүүнү каалайт.

7-сентябрда Москва менен Киев өз өлкөлөрүндө соттолгон, кармалып турган орусиялык жана украиналык туткундарды алмашты.

Орусиянын түрмөсүнөн бошотулган моряктарды, кинорежиссер Олег Сенцовду жана башка туткундарды Киевдин «Борисполь» аэропортунан украин президенти Владимир Зеленский тосуп алды. Туткундарды алмашуу «35ке 35» схемасы аркылуу болуп, бошотулгандардын тизмеси жарыяланды.

XS
SM
MD
LG