Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

«Байтерек» ракеталык комплекси Назарбаев деп аталат


«Байкоңур» космодрому. 14-март, 2019-жыл.
«Байкоңур» космодрому. 14-март, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия менен Казакстан биргелешип салып жаткан «Байтерек» ракеталык комплексине Назарбаевдин атын берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу орус лидери Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен Москвадагы Бүткүл союздук көргөзмө борборундагы (ВДНХ) павильондорду аралап жүргөн маалда айтты.

Орусиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, Путин эмнеге ракеталык комлекс «Байтерек» деп аталып калганына кызыккан. Казакстандын экс-президенти анын маанисин түшүндүрүп, орус лидеринин «Нурсултан» деп атоо тууралуу сунушун «Назарбаев» деп өзгөрткөн.

«Байкоңур» комплексинде курулуп жаткан «Байтерек» ракеталык комплексине Назарбаевдин аты берилгенин «Роскосмостун» сайты расмий жарыялады.

Биргелешкен комплексти куруу келишимине 2018-жылы «Байкоңурда» кол коюлган. Болжол менен «Назарбаев» комплексинен ракета 2022-жылы учурулат.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин быйыл март айында өз эрки менен бийликтен кеткен. Ыйгарым укуктарын ошол кездеги Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.

Назарбаев «Элбашы» макамын сактап, Казакстандын Коопсуздук кеңешин жана бийликтеги «Нур-Отан» партиясын жетектеп калган. Ал кеткенден кийин борбор калаа Астананын аты Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн. Мындан сырткары өкмөт баш калаадагы аба майдандын атын Нур-Султан деп өзгөрткөн.

XS
SM
MD
LG