Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Тарых музейин оңдогон немис компаниясына карыз төлөнө элек


Улуттук тарых музейи.
Улуттук тарых музейи.

Кыргызстан Улуттук тарых музейин оңдогон немис компаниясына 225 миң евро суммасындагы карызды төлөй элек. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, карыз кандай негизде, качан төлөнөрү чечиле элек. Министр музейдин ачылышы качан болору дагы белгисиз экенин билдирди.

Жаманкулов буга чейин “Азаттыктагы” маегинде карызды төлөп берүү боюнча жогорку деңгээлде талкуулар жүрүп жатканын айткан. Бул каражат төлөнгөндөн кийин музейди автоматташтыруу системасы ишке кирип, андагы тиркемелердин ачкычы берилмекчи.

Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. Учурда бул иш сотто каралууда.

Музейди оңдоп-түзөө ишинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева айыпталууда. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков болсо бул багытта козголгон кылмыш иштерин саясий иш деп атап келе жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG